Ссылки доступа

Өзбекстанда имам мечит курулушуна чогулган акчаны уурдоого шектелүүдө


Хорезм облусуна караштуу Кошкупыр районундагы "Ислом бобо" мечитинин имамы мечит куруу үчүн соцтармактар аркылуу чогулган акчаны кымырып алууга айыпталууда. Бул тууралуу облустук прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, имам социалдык түйүндөр аркылуу ашар жолу менен жаңы мечит курууга акча чогултуу жөнүндө жарыя таратып, 40 млн сум (3,5 миң доллар) топтогон.

Райондук ички иштер бөлүмү имамга карата "Кызмат абалын пайдалануу менен жасалган алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ушул тапта тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Иш Хорезм облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG