Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевди даңктаган аткаминер коррупция үчүн соттолду


Атырау шаардык соту 15-ноябрда пара алууга шектелген Атырау облусунун акиминин мурдагы орун басары Бакытгүл Хаменованы жети жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарды.

Өкүмгө ылайык, мурдагы аткаминер "Урмат" орденинен да ажыратылат.

Ошол эле маалда сот Хаменованын жаза мөөнөтүн үч жылга кийинкиге – кенже баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырды.

Хаменова сот залынан бошотулду. Ал журналисттерге өкүм менен макул эместигин, апелляциялык тартипте арыздана турганын айтты.

Атырау облусунун акиминин орун басары болуп иштеген Бакытгүл Хаменова 2021-жылы декабрда Абайдын эстелигин жасоо жана орнотуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар келишимин түзүү учурунда 4,5 миллион теңге өлчөмүндө пара алган деген шек менен кармалган.

Бакытгүл Хаменова акимдин орун басары болуп 2020-жылы мартта дайындалган. Парламент мажилисинин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Ал Атырау шаарындагы колледждин директору болуп турганда ошол кездеги "Нур Отан" партиясынын съездинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди мактап сүйлөгөндөн кийин, 2016-жылы депутаттык мандатка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG