Ссылки доступа

Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетти


Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. 15-ноябрь, 2022-жыл.
Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. 15-ноябрь, 2022-жыл.

15-ноябрда "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери наркологияга алып кетти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты.

Милиция Азиза Абдирасулова ичимдик ичип алганын билдирип, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти. Тартип кызматкерлери аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаевди да кармады.

Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылганын жарялаган. Укук коргоочу анын Фейсбукта жазган билдирүүлөрү боюнча сын айтылганын билдирген.

15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүлбакта уланганы калды.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилген.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" агенттигине курган маегинде кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 30га жакындады. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG