Ссылки доступа

Маданият министрлиги "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамын толуктоону сунуштоодо


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Документтин негиздемесинде мыйзамдын азыркы редакциясында кемчиликтер бар экени, нормативдик-укуктук актыны аткаруу учурунда кедергилер жаралып жатканы белгиленген. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандар жалган маалымат тууралуу арыз берген адам ЖМК, уюм же физикалык жак чындап эле жалган маалымат таратканы тууралуу далилдерди кошо көрсөтүшү керек деп эсептешет.

Сентябрдын ортосунда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү демилгелешкен. Эл өкүлдөрү экинчи тарапка да укук берүүнү, алардан арыз түшө турган болсо сайтты бөгөттөөнү токтото туруу керектигин сунуш кылышкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

XS
SM
MD
LG