11-ноябрда өткөн сот отурумунда Севинч Садуллаева соцтармактарга этика эрежелерине каршы келген видеороликтерди жана сүрөттөрдү жайгаштыруу менен коомчулук арасында өзүн алып жүрүү тартибин атайын бузганы айтылган.
20 жаштагы Севинч Садуллаева жасаган ишине өкүнгөнүн, кичинекей баласы бар экенин эске алып, ырайым кылууну өтүнгөн. Ал соцтармактарда тарап кеткен видео жана сүрөттөрү Инстаграмга бир нече ай мурун жарыяланганын белгилеген. Блогер жеңил жаза берүүнү сурап, мындан ары бул сыяктуу иштерге барбай турганын жана видео менен сүрөттөрдү өчүрөрүн айткан.
“Майда бейбаштык” беренеси боюнча айыпталган блогерди судья беш суткага камакка алды.
Ташкент шаарынын акиминин орун басары – үй-бүлө жана аялдар башкармалыгынын башчысы Нодира Умарова блогер Севинч Садуллаева 5 сутка камалып чыккандан кийин кесипке үйрөтүлөрүн, ишке орноштуруларын жана психологдон жардам аларын айтты.