Ссылки доступа

Путиндин жарлыгынан кийин Ташкент өзбек мигранттарын согушка катышпоого чакырды


Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттиги Орусияда иштеп жүргөн өзбек жарандарын кезектеги жолу орус-украин жаңжалына катышуу чакырыктарына кулак төшөбөөгө жана согуштук аракеттерге катышпоого үндөдү.

Агенттик Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлөрдүн аскердик кызматтарына, коопсуздук органдарына, полициясына, аскердик юстиция органдарына же ушуга окшогон башка мекемелерине жалданган жарандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

14-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин чет элдиктердин орус Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөсүнө мүмкүндүк түзгөн жарлыкка кол койгон.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы Орусияда жашаган өзбек мигранттарына Украинага каршы согушка катышуу үчүн ири суммадагы акча жана жарандык сунушталган учурлар жөнүндө кабарлаган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG