Ссылки доступа

Пара алууга айыпталган Хожент шаардык сотунун экс-төрагасы эки жылга соттолду


Тажикстандын Жогорку соту пара алууга айыпталган Хожент шаардык сотунун мурдагы төрагасы Хомиджон Мухаммадзоданы эки жылга эркинен ажыратты.

11-ноябрда чыккан сот өкүмүнүн көчүрмөсүн "Озоди" радиосу 16-ноябрда жарыялады.

Хомиджон Мухаммадзода быйыл апрелдин аягында кармалган. 30-майда президент Эмомали Рахмон "соттун ар-намысы менен кадыр-баркына доо кетиргенине байланыштуу" шаардык соттун төрагасы кызматынан алган.

14-июлда Жогорку соттун төрагасы Шермухаммад Шохиён Мухаммадзода менен Хожент шаардык сотунун мурдагы судьясы Рустам Махмадсаидзода 2,5 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип жатканын билдирген. Анын айтымында, бул каражатты алар өз ара бөлүшүп алышкан.

Бирок бир нече күндөн кийин Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Хомиджон Мухаммадзода менен Рустам Махмадсаидзодага ортомчулар аркылуу 4 миң доллар өлчөмүндө пара алган деген айып тагылганын кабарлаган.

Хомиджон Мухаммадзода Хожент шаардык сотунун төрагасы кызматына 2021-жылы ноябрда дайындалган.

XS
SM
MD
LG