Ссылки доступа

Зеленский: Киев Орусия менен "көшөгө" артында эмес ачык сүйлөшүүгө даяр


Президент Украины Владимир Зеленский
Президент Украины Владимир Зеленский

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш тынч сүйлөшүүлөр менен аяктарына ишене турганын, бирок согуштук аракеттер эки тараптуу болуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы согуш талаасындагы күчтөрдүн бөлүштүрүлүшү менен терең байланышта экенин айтты.

“Биз тынчтыкты жана жаңжалды макулдашып чечүүнү каалайбыз. Ошол эле маалда биз түшүнүшүбүз керек, эгер Орусия менен президент Путин согуштук аракеттерди токтотсо, Украина да согуштук аракеттерди токтотот жана тынчтык орнойт”, - деди Столтенберг.

Бирок украин бийлиги бул позиция менен макул эмес. Киев согуштук аракеттерди токтотуу жана тынч сүйлөшүүлөрдүн башталышы жаңжалды убактылуу токтотуп турууга алып келет деп божомолдоодо. Бул Орусияга зарыл болуп турган тыныгууну берип, согуштук дараметин калыбына келтирип, жаңы аймактарга басып кирүүгө шарт түзөрү божомолдонууда.

Украина президенти Владимир Зеленский орусиялык күчтөр толугу менен басып алынган аймактарды бошотуп, “бул мындан ары кайталанбай турганына” кепилдик бергенде гана сүйлөшүү мүмкүн экенин белгилейт.

Күн мурун Зеленский журналисттер менен сүйлөшүп жатып, айрым өлкөлөрдүн лидерлеринен Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө белги алганын айткан. Украин президентинин билдиришинче, Киев Орусия менен “көшөгө артында” мамиле түзбөй турганын, бирок ачык диалогго даярдыгын айтты.

“Мен ачык форманы сунуштадым, себеби Орусия Украина менен ачык согуш жүргүзүп жатат”, - деген Зеленский.

15-ноябрда Орусия согуш башталгандан бери эң масштабдуу ракета чабуулдарын ишке ашырды. Украинанын аймактарына 100 чакты ракета атылган. Анын ичинде Польша менен чектешкен Львов облусу да бутага алынган. Соккулардан бир киши мерт кетти, алтоо жаракат алды, 7 миллиондой кожолук электр жарыгысыз калды.

XS
SM
MD
LG