Ссылки доступа

Казакстан Евразия өнүгүү банкынын 4,2% акциясын сатып алышы мүмкүн


Казакстан Евразия өнүгүү банкынын 4,2% акциясын сатып алууну каалайт.  Бул тууралуу Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев парламент сенатынын жыйынынын кулуарында билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, төлөмдөрдү бөлүп-бөлүп төлөө пландалууда – бюджеттен жылына жети миллиарддай теңге бөлүнөт. Келишимдин жалпы суммасы 25тен 30 миллиард теңгеге чейин түзүшү мүмкүн.

Августта Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен Евразия өнүгүү банкынын 67,97% акциясына ээ Орусия банкты батыш санкцияларынан сактап калуу үчүн көзөмөл пакетинен баш тартышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Агенттиктин өз булактарынын билдиришинче, Орусия Беларус менен жалпы үлүшүн 50% төмөн түшүрүүнү пландоодо.

Евразия өнүктүрүү банкы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык байланышты кеңейтүү үчүн түзүлгөн.

Бул уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Орусияга уставдык капиталдын үчтөн эки бөлүгү, Казакстанга үчтөн бир бөлүгү тиешелүү. Калгандарынын үлүшү бир же андан аз пайызды түзөт.

Орусия февралда Украинага каршы кеңири агрессия баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү санкцияларды күчөткөн. Орусия менен Беларустун көптөгөн мамлекеттик түзүмдөрү АКШ менен ЕБнын санкциясына туш болгон, бирок Евразия өнүгүү банкы чектөөгө илинген эмес.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG