Ссылки доступа

"Казакстандын халык банкы" Тажикстандагы туунду компаниясын сатып жатат


"Казакстандын улуттук сактык банкы" акционердик коому Тажикстандагы туунду компаниясынын (Халык банк Тажикстан) 100 пайыз акцияларын сатып жатат. Бул тууралуу маалымат банктын сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, акцияларды "Тажикстандын эл аралык банкына" сатуу иштери декабрь айында аяктайт. Сатуу тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин туунду түзүм ишин уланта берет.

Казакстандагы ири коммерциялык-финансылык уюм эсептелген "Казакстандын халык банкы" экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаев ээлик кылган "Алмэкс" компаниясына таандык. Казакстанда банктын 550дөн ашык өкүлчүлүгү бар. Мындан тышкары банк Грузияда, Кыргызстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иш алып барат.

Буга чейин айрым ЖМКлар январь окуяларынан кийин "Казакстандын халык банкынын" акцияларынын баасы төмөндөп, Кулибаевдер "жакырланганын" жазып чыгышкан. Бирок көп өтпөй үй-бүлө чыгашаларынын ордун толтуруп, мурдагы калыбына келтиргени кабарланган. Forbes журналынын маалыматына караганда, январь айынын башына карата Кулибаевдердин байылыгы 6,2 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG