Ссылки доступа

Душанбенин кире беришинде хижабчан аялдар менен сакалчан эркектердин документтери текшерилди


Душанбенин чыгыш тарабындагы кире бериши
Душанбенин чыгыш тарабындагы кире бериши

Душанбе шаарынын чыгыш тарабындагы кире беришинде милиция кызматкерлери рейд өткөрүп, сакалчан кишилер менен хижаб кийип жүргөн аялдардын документтерин текшеришти. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жарандардын билдирүүлөрүнө таянып кабарлады.

"16-ноябрь күнү эртең менен шаардын кире беришиндеги тогузунчу чакырымда хижаб кийүүгө жана сакал коюуга каршы рейд өттү" деп билдирген окуяга күбө болгон жарандардын бири.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургундардын айтымында, милиция кызматкерлери менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн шаарга кирип жаткан автоунааларды токтотуп, сакалчан жана хижаб кийген жарандардын документтерин текшерүүсү бир айдан бери уланууда.

17-ноябрь күнү да шаардын чыгыш тарабындагы кире беришинде сакалчан айдоочулар токтотулуп, документтери текшерилди. Бул рейдге милиция кызматкерлеринен тышкары бир нече аял да катышты. Алар кайсы мекеменин өкүлдөрү экени тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. Бирок алардын максаты – улуттук маданиятты пропагандалоо жана тажиктердикинен айырмаланган каада-салттардын таасирине каршы күрөшүү экенин айтышты.

Бир нече жыл мурда өлкө президенти Эмомали Рахмон хижаб менен сатр улуттук каада-салттар менен баалуулуктарга каршы келген жат нерселер экенин айткан.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги МАИ кызматкерлери өз иши менен алектенип жатканын, сакалчан жана хижаб кийип жүргөн жарандардын документтерин текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди. Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитет менен Дин иштери, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комитети сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы эч кандай рейд болбогонун билдиришти.

Тажикстан жарандардын дин эркиндигин бузганы үчүн дайыма эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG