Ссылки доступа

Кыйноолорду алдын алуу борбору: Ноокенде шектүү кыйноого кабылган


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө шектүү милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, кыйноого кабылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү райондук милицияга 10-ноябрда алып келинип ал адам өлтүрүү фактысы боюнча коюлган айыпты моюнуна алган. Укук коргоо кызматкерлери башка да кылмыш иштерин жасаганы тууралуу көрсөтмө алыш үчүн аны эки күн сабап, зордук-зомбулук көрсөтүп 12-ноябрда убактылуу кармоочу жайга киргизген.

15-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго шектүү кыйноого кабылганы боюнча маалымат түшүп борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барышкан. Ал жерде киши колдуу болгон кыздын жакындары борбордун кызматкерлерин коркутуп ишине тоскоолдук кылган.

Окуяны териштирүү үчүн 17-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Бирок милиция аны жана "Тез жардамдын" кызматкерлерин шектүүгө жолуктурган эмес.

Бул тууралуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмү азырынча комментарий бере элек.

8-ноябрда Ноокен районунда суу аккан сайдан киши колдуу болгон кыздын сөөгү табылган. Райондук милиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, экспертиза дайындалган. Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шек саналып, 58 жаштагы адам кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG