Ссылки доступа

Ашхабад: бийлик "эски" автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүдөн баш тартууда


Түркмөнстандын бийлиги Ашхабад шаарында 2001-жылдан эски автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлады.

Тургундардын айтымында, бийлик эски жеңил унааларды техникалык кароодон өткөрүүдөн баш тартуу чечимин Ашхабаддын автоунаа базарында 2001-жылга чейин чыккан машинелер көбөйүп кеткени менен түшүндүрүүдө.

"Бул талап азырынча аймактарга жете элек. Ал жерлерде 1990-жылы өндүрүлгөн автоунааларды да техникалык кароодон өткөрүүгө болот", – деди унаа алып-сатып иштеген тургундарын бири.

Анын айтымында, баш калаадагы автоунаа базарында негизинен 2001-жылга чейин чыккан Toyota Camry жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү машинелер сатылууда.

Ашхабаддын тургундары жаңы чектөөлөргө байланыштуу эми эски автоунааларын аймактардын жашоочуларына сатып, өздөрү жаңыраак машине алууга аракет кыла тургандыктарын билдирип жатышат.

Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, учурда өлкөгө алгачкы каттоого алынганына беш жылдан ашкан автоунаалардын, ошондой эле чыккан жылына карабастан абалы начар машинелердин киргизилишине тыюу салынган.

Мындан тышкары Түркмөнстандын бийлиги былтыр белгисиз себептер менен 2017-жылдан кийин чыккан "Мерседес", BMW, Volkswagen, GMC, Chrysler жана Tesla автоунааларын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган.

Азырынча түркмөн Ички иштер министрлиги автоунаалардын өндүрүлгөн жылына карата Ашхабаддагы жаңы талаптар боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG