Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы адвокат президентти сындаганы үчүн айып изоляторуна киргизилди


Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Тажикстанда камактагы адвокат Бузургмехр Ёров президент Эмомали Рахмондун ролу тууралуу абак кызматкерлери менен талашып-тартышканы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Адвокаттын бир тууганы Жамшед Ёровдун айтымында, окуя Тажикстанда жыл сайын 16-ноябрда белгиленген Президенттин күнүнө бир күн калганда болгон. Бул жөнүндө аларга Вахдат түрмөсүндөгү бир нече булак кабарлаган.

"Түрмө өкүлдөрү менен Бузургмехрдин ортосунда Эмомали Рахмондун коомдогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу талаш болгон. Түрмө кызматкерлерине анын сын сөздөрү жакпай калып, ал айып изоляторуна киргизилген. Мындан тышкары Бузургмехрдин сөздөрүн колдогон абактагы дагы эки кишини да айып изоляторуна киргизишкен. Тажикстандын бийлиги мындай жол менен саясий туткундарга басым жасоону улантып жатат", – деди Жамшед Ёров.

Анын айтымында, Бузургмехр бир жумадан бери жакындары менен байланышка чыга элек.

Быйыл сентябрдын аягында 51 жаштагы Бузургмехр Ёров он күнгө айып изоляторуна киргизилген. Анда Жазаларды аткаруу кызматы ал камактагыларды түгөлдөө учурунда катарда жок болгонун билдирген. Жакындарынын айтымында, түрмө жетекчилиги Бузургмехрди атайылап эле китепканага камап коюп, ал катарга тизилүүгө жетишпей калган.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG