Ссылки доступа

Өзбекстандын футбол боюнча курамасы алгачкы жолу Орусиянын командасы менен беттешти


Өзбекстандын футболчулары
Өзбекстандын футболчулары

20-ноябрда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда Өзбекстан менен Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши өтүп, оюн 0:0 эсеби менен аяктады.

Бул беттеш Өзбекстан жана Орусия курамаларынын тарыхтагы алгачкы оюну болуп калды. Буга чейин эки өлкөнүн командарлары бир да жолу беттеш өткөргөн эмес.

Айрым өзбекстандык футбол күйөрмандары менен активисттер бул жолдоштук беттешке бойкот жарыялоого чакырышкан. Алардын айтымында, Ташкенттин борбордук стадионунда "агрессор өлкөнүн" гимни жаңырып, анын герби тартылган футболкачан оюнчулардын пайда болушу Өзбекстан үчүн уят.

Өзбекстандын Футбол федерациясы активисттердин мындай пикири тууралуу эч кандай комментарий берген жок.

Алгач 20-ноябрда Орусиянын командасы Босния жана Герцеговинанын курамасы менен ойной турганын жарыялаган. Бирок бул өлкөнүн футбол күйөрмандарынын жана айрым оюнчуларынын басымынан кийин Босния "агрессор өлкөнүн" командасы менен беттешүүдөн баш тарткан.

Өзбекстан менен болгон жолдоштук беттеш Орусия курамасы үчүн акыркы тогуз айдан берки үчүнчү оюн болуп калды.

23-сентябрда Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүп, оюн 1:2 эсебинде орусиялыктардын пайдасына аяктаган. 17-ноябрда орус футболчулары Тажикстандын курамасы менен кез келип, беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Март айында ФИФА жана УЕФА Орусиянын улуттук курама командаларын жана бардык клубдарын эл аралык футбол мелдештеринен убактылуу четтеткен. Мындай чечим Орусиянын Украинага кол салганына жооп иретинде кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG