Ссылки доступа

БШКнын алдын ала жыйынтыгы: Токаев шайлоочулардын 81,3% добушун алды


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, өлкөнүн учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев добуш берген шайлоочулардын 81,31% колдоосуна ээ болду.

БШКнын маалыматына караганда, тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы саны 11 953 465ти түзүп, алардын 8 300 046сына же 69,44% бюллетендер берилген.

"Каракат Абденге 206 206 киши же 2,6%, Нурлан Ауесбаевге 176 116 киши же 2,22%, Жигули Дайрабаевге 271 641 жаран же 3,42%, Мейрам Кажыкенге 200 907 киши же 2,53%, Касым-Жомарт Токаевге 6 456 392 шайлоочу же 81,31%, Салтанат Турсынбековага 168 731 киши же 2,12% добуш берди. Дагы 460 484 жаран же шайлоочулардын 5,8% баарына каршы болгон", – деп жазылган БШКнын билдирүүсүндө.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыяланганга чейин эле Токаев Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери менен телефондо сүйлөшкөнүн, анын жүрүшүндө алар Токаевди шайлоодогу "ишенимдүү жеңиши менен" куттуктаганын билдирди.

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллу Токаев шайлоого катышкан жарандардын 82 пайыздан ашыгынын добушун алганын көрсөткөн. Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыккан.

Бийликтеги "Аманат" партиясынын (мурдагы "Нур-Отан" партиясы) Коомдук саясат институту жарыялаган экзит-поллго ылайык, Токаев добуштардын 85% ашыгына ээ болгон.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаевден башка бул шайлоого катышкан беш талапкердин баары коомчулуктун кеңири катмарына белгисиз. Мындан улам көз карандысыз байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбой турганын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG