Ссылки доступа

Евробиримдик Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 млн. евро бөлөт


Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү чечим тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Европа комиссиясынын эл аралык кызматташтык боюнча башкы директору Петерис Устубстун жолугушуусунда кабыл алынды.

"Жолугушууда көп жылдык индикативдик программанын алкагындагы долбоорлорду улантуу, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы долбоорлордун алкагында 3 миллион евро колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуулар жетишилди", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын бийлиги бир нече жылдан бери мамлекеттик мекемелерге санариптештирүү киргизилип жатканын билдирип келет. Президент Садыр Жапаров бир канча жолу мамлекеттик органдарды кеңсе кагаздарын колдонууну кыскартып, электрондук документ жүргүзүүгө өтүүгө чакырган. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чара кагаз колдонууну 50% кыскартып, жылына 112 миллион сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG