Ссылки доступа

Ахмад Масуд өткөн аптада Орусияга барган


Ахмад Масуд
Ахмад Масуд

Ооганстандагы "Ому" телеканалы Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмада Масуддун айланасындагы булактарга шилтеме кылып, өткөн шейшембиде ал орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага барганын кабарлады.

Телеканалдын өз булактарынын маалыматына караганда, акыркы бир нече айда Тажикстанга бир катар мамлекеттердин дипломаттары келип, Душанбеде Ахмад Масуд менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан. Репортажда Ахмат Масуд азыр Тажикстанда жашап жатканы айтылган. Бирок Душанбе Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери өлкө ичинде экенин тастыктап же четке каккан эмес.

Ахмад Масуддун Орусияга сапары жөнүндө жаңылык бир нече күн мурун Москвада Ооганстан боюнча өткөн төртүнчү жыйындан кийин пайда болду. Жыйынга Орусия, Индия, Кытай, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан. Бирок Талибан кыймылынын өкүлдөрү бул чогулушка чакырылган эмес. Жыйындын катышуучулары Ооганстанда "инклюзивдүү өкмөт" түзүү зарылдыгынын маанилүү экенине токтолушкан.

Бир жагынан алганда Орусия азыркыга чейин талибдер менен байланышта жана Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун колдоо жөнүндө кеп кылган эмес. Ошол эле учурда 1996-2001-жылы талибдер биринчи жолу бийликке келгенде Орусия Ахмад Масуддун атасы Ахмад Шах Масудду колдогон. Иран менен Индия да Ахмат Шах Масуд башында турган Түндүк альянсты жактаган.

Талибдер 2021-жылы 15-августта кайрадан бийликти басып алгандан кийин Ахмат Масуд Панжшер өрөөнүндөгү кичи мекенине барып, Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун түзгөн. Акыркы айларда Фронт Панжшер, Андароб, Кописо, Баглан жана Тахор менен Бадахшан провинцияларынын бир бөлүгүндө талибдер менен салгылашууда.

XS
SM
MD
LG