Ссылки доступа

Министрлер кабинети жыл соңуна чейин донорлордон бюджетти колдоого 30 млрд. сом алууга ниеттенүүдө


Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты.

"2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл соңуна чейин 30 миллиард 600 миллион болот", – деди министр.

Октябрда каржы министринин орун басары Руслан Татиков Министрлер кабинети акыркы 10 айдын ичинде эл аралык каржы институттарынан бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганын, анын 50 миллиону грант болгонун айткан.

2021-жылы Кыргызстан эл аралык донор уюмдардан 38 миллиард сом (447 миллион 585 миң 394 доллар) алган. Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов чет өлкөдөн каражат эки багыт боюнча келип жатканын билдирген: мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоо үчүн. 11,4 миллиард сом бюджетти колдоого жумшалса, 26,4 миллиард сом ири долбоорлорго тартылган.

2022-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 миллиард долларга жетти. Анын 4,1 миллиарды тышкы карыз. Калганын Министрлер кабинети ички каржы институттары гана сатып ала турган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөп бериши керек.

XS
SM
MD
LG