Мухамедиулы быйыл май айында Улуттук музейдин башчысы кызматында иштеп жатканда кармалган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы музейдин кызмат адамдарына карата сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдап, мекеменин жетекчилиги "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдыруусу" деп аталган эл аралык көргөзмөгө даярдык көрүүнүн алкагында 146 миллион теңге (335 миң доллар) бюджеттик каражатты кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.
Арыстанбек Мухамедиулы Казакстандын Маданият жана спорт министрлигин 2014-жылдын августунан 2019-жылдын июнуна чейин башкарган.