Буга чейин соцтармактарда “Россия 1” телеканалынын “Вечер с Владимиром Соловьевым” аттуу программасындагы берүүдөн үзүндү жарыяланган. Анда орусиялык саясат таануучу Дмитрий Дробницкий Казакстанда да Украинадагыдай нацистик процесстер башталышы мүмкүн экенин билдирип, “Украинадан кийинки маселе – Казакстан” деп айткан.
“Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү рекация жасаса – туура болот деп эсептейбиз”, - деди Роман Василенко.
Орусия президенти Владимир Путин февралда Украинага атайын операция жасоонун бир себеби денацификация (нацистик идеалогиядан арылтуу) экенин билдирген. Карапайым жарандар муну жакшы тушүнбөгөндүктөн орус бийлиги бул терминди сейрек колдонуп калды.