Ссылки доступа

АКШ Душанбени түрмөдө катуу ооруп жаткан "Жахаба күбөлөрүнүн" мүчөсүн бошотууга чакырды


АКШ “Жахаба күбөлөрүнүн” түрмөдөгү мүчөсү Шамиль Хакимовдун саламаттыгына тынчсызданууда.

АКШ элчилиги 22-ноябрда тараткан билдирүүсүндө түрмөдөгү улгайган киши олуттуу оорулар менен жабыркап жатканы, бирок сот анын дарылануу өтүнүчүн четке какканын билдирген.

2019-жылы күзүндө Шамиль Хакимов расалык, улуттук же диний кастыкты козутуу айыбы менен 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Туугандары анын буту ооруй турганын жана гипертониясы бар экенин айтышкан. Быйыл 8-ноябрда анын адвокаты Хакимовдун бир көзү такыр көрбөй калганын кабарлаган.

АКШ элчилиги Тажикстан бийлигин Хакимовдун дарылоосуна тоскоолдуксуз шарт түзүп берүүгө чакырды. Буга чейин эки америкалык сенатор да тажик өкмөтүн Хакимовду бошотууга үндөшкөн.

Адвокаттар президентке жана Тажикстандын башка бийлик түзүмдөрүнө 71 жаштагы Шамиль Хакимовду сактап калуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Шамиль Хакимов 2019-жылы февраль айында тыюу салынган диний китептерди таратуу, экстремисттик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды сактоо айыбы менен кармалган.

XS
SM
MD
LG