Ссылки доступа

USAID Өзбекстанга 131 тонна азык-түлүк жардамын жеткирди


АКШ өзүнүн Эл аралык өнүктүрүү агенттиги аркылуу (USAID) Өзбекстанга 410 миң долларга бааланган 131 тонна азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу 23-ноябрда Кошмо Штаттардын Ташкенттеги элчиги кабарлады.

Бул 13-жолу берилип жаткан ар жылкы жардам жашылча жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ток алып жүрүүчү аралашмасынан турат. Ал адамдын организмин микроэлементтер менен камсыз кылуу, ошондой эле калориясын жана белок керектөөсүн көбөйтүү үчүн иштелип чыккан.

"Жардам 98 саламаттык сактоо жана социалдык коргоо мекемелерине таркатылып, алар аркылуу өлкөнүн аярлуу катмарындагы 35 миң жаранды 6,6 миллион порция аралашма менен камсыз кылат. Жардам бериле турган мекемелер негизинен кургак учук менен ооругандарды узак убакыт дарылай турган жайлар жана улгайган адамдар менен майып балдарды баккан балдар жана карылар үйлөрү болуп эсептелет", – деп жазылган расмий билдирүүдө.

2010-жылдан бери USAID'дин Эл аралык кызматташтык программасынын алкагында Өзбекстан жалпысынан 4 миллион доллардан ашык суммага 1425 тонна азык-түлүк жардамын алган.

"Өзбекстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын жаңы партиясы АКШ буга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына салган 122 миллион долларлык узак мөөнөттүү инвестицияларды, анын ичинде акыркы 20 жылда көрсөтүлгөн 1 миллиард доллардан ашкан жардамды толуктайт", – деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG