Ссылки доступа

"Уулуу шилекейин чачыратууда" – казак депутаты Соловьевдун берүүсүндөгү Казакстан тууралуу билдирүүгө комментарий берди


Казакстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты, Сенаттагы Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Мухтар Кул-Мухаммед орусиялык пропагандачы Владимир Соловьевдун Казакстандын дарегине коркутуулар айтылган берүүсү тууралуу пикирин билдирди.

"Соловьев эчак эле көптөгөн өлкөлөрдө персона нон-грата деп таанылып, азыр бардык санкциялык кара тизмелердин сап башында турат. Ачууланып, ар кимге атырылып, уулуу шилекейин чачыратып жатат", – деди депутат 23-ноябрда жарыялаган видео кайрылуусунда.

Депутат Соловьев буга чейин да Казакстанга карата опузалоо сөздөрүн айтканын белгилеп, ал "Россия 1" телеканалынын эфиринде Алматыда америкалык биолаборатория бар экенин айтып, бул шаарга сокку жасоону сунуштаганын эске салды. Кул-Мухаммед Соловьев атайылап эле чыр-чатактуу билдирүүлөрдү жасап, программасына келген меймандарын да ошондой маанидеги билдирүүлөрдү жасоого түртөт деп эсептейт.

Кул-Мухаммед Соловьевдун программасына чакырылган кремлчил эксперт Дмитрий Дробницкийдин акыркы билдирүүсүнө өзүнчө токтолуп, бул Казакстандын дарегине айтылган "түз коркутуу" экенин белгиледи. Дробницкий Украинадан соң Казакстан "кийинки маселе" болушу мүмкүн экенин, анткени бул өлкөдө да "улутчулдук процесстер" башталышы ыктымал экенин айткан.

"Эгер бул билдирүү ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу бир уюмда мүчө болуп турган өнөктөш өлкөнүн мамлекеттик телеканалында айтылбаганда, фантаст-эксперт Дробницкийдин бул пикирине көңүл деле бурбай койсом болмок. Бирок орус саясатчыларынын мындай өзгөчөлөнгөн, максаттуу чабуулдары көптөн бери эле Соловьевдун шоусунун системалуу бөлүгү болуп калгандыктан, бул билдирүү Орусиянын федералдык бийлигинин предметтүү реакция кылуусуна татыктуу деп эсептейм. Казакстан эгемендүү өлкө болгонуна 30 жылдан ашты. Соловьев жана ага окшогон саясатчылар ачык чындыкты түшүнүп, жаңы геосаясий реалдуулук менен эсептешүүнү үйрөнө турган мезгил келди", – деди Кул-Мухаммед.

Адатта Астана орус саясатчылары менен медиа өкүлдөрүнүн Казакстандын дарегине айткан агрессивдүү сөздөрүнө, аймактык дооматтарына жана "русофобияга" айыптоолоруна расмий деңгээлде реакция жасабай келет. Бирок күн мурун өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко Дмитрий Дробницкийдин акыркы билдирүүсү боюнчакомментарий берген.

"Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү реакция жасаса туура болот деп эсептейбиз", - деген Василенко.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Соловьевдун берүүсүндө айтылган Казакстан тууралуу билдирүү Кремлдин позициясы эмес экенин айткан.

XS
SM
MD
LG