Журналист аны "Манас" эл аралык аэропортуна ИИМдин терроризм жана экстремизм менен күрөшкөн 10-башкармалыгынын 6-7 кызматкери "кылмышкердей кылып" жеткиргенин белгиледи.
"Мени кылмышкердей кылып алты-жети жигит аэропортко жеткирди. Эч кандай документим жок болгондуктан алар биринчи Орусиянын элчилигине кайрылып, жооп күтүп турушту. Мага "мекенине кайтаруу боюнча кагаз" алганга аракеттеништи. Бирок жетишпей калыштыбы же кыла албай коюштубу, андан кийин мени аэропорттун чек ара көзөмөлүнөн өткөрүштү. Эки-үч жылдан бери чек ара күзөтүндөгүлөр мени кеминде 5-10 мүнөт кармашчу. Бул жолу болсо бир секунд да кармашкан жок. Чуркаган бойдон өткөрүп, учакка отургузушту. Москвада мени туугандарым, апам тосуп алды. Мени коштоп келген кызматкерлер Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүп, мени өткөргөн соң өзүнчө кетишти", – деди Темиров.
Ал ошондой эле сот чечимин өчөшүү деп эсептей турганын кошумчалады: "Муну мага өчөшүү деп баалап жатам. Мен сотту системаны өзгөртүп, тарыхый чечим чыгарат десем, Садыр Жапаровдун, Ташиевдин "күчүгү" экен да. Иштейбиз, жооп беребиз. Андан сырткары соттук иштерди улантып, аппеляция менен кайрылып, буларды мыйзам жолу менен жоопко тартканга аракет кылабыз. Жогорку сотко да кайрылып, кийин эл аралык сотко да берип, дүйнө боюнча алардын жүзүн ачабыз".
Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Иликтөөчү сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча чечимди сот чыгарганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.