Ссылки доступа

Кытайда сутка ичинде COVID-19 жуктургандардын саны боюнча жаңы рекорд катталды


Кытайдын бийлиги бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны боюнча тарыхый максимум – 31 700 учур катталганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өлкөнүн Гигиена жана саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөн бир сутканын ичинде вирус жуктургандардын 87 пайызында оорунун белгилери байкалган эмес.

23-ноябрда Кытайда COVID-19дан дагы бир бейтап каза болуп, өлкөдө коронавирустан өлкөндөрдүн жалпы саны 5 232ге жетти.

Бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны боюнча буга чейинки рекорд быйыл 14-апрелде катталган. Анда бир күндүн ичинде вирус 29 миң кишиден аныкталганы кабарланган.

23-ноябрга карата Кытайда COVID-19 жуктуруп алуу тобокелдиги жогору 19 миң зона катталды. Жарым жыл мурда алардын саны болгону 56ны түзгөн.

Кытайда коронавирустун жайылуусун көзөмөлдөө барган сайын оор болуп баратат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, вирус жуктуруп, атайын медициналык жайларда дарыланып жаткан бейтаптардын 90% ашыгында оорунун белгилери жок. Быйыл январдын аягында бул көрсөткүч 20% түзүп турган.

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясы үч жыл мурда башталган. Андан бери вирус 650 миллион кишиден аныкталып, 6,5 миллиондон ашык бейтап каза болду.

Кытайда пандемия башталгандан бери жалпысынан 288,5 миллион киши коронавирус жуктуруп, 5 миңден ашык бейтап өлдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, бул өлкөдө COVID-19 жуктургандар быйыл августтан тарта көбөйө баштаган. 23-ноябрда Кытайда май айынан бери алгачкы жолу вирус жуктурган бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG