Ссылки доступа

Казакстанда журналистти өлтүрүүгө "буйуртма берүү" иши боюнча айыпталуучулар соттолду


Түркстан облустук райондор аралык соту "Сарыагаш-информ" гезитинин башкы редактору Амангелди Батырбековду өлтүрүүгө "буйрутма берүү" иши боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды.

Журналистти өлтүрүүгө "буйрутма берген" деп табылган мурдагы аткаминер Бауыржан Майрихов 11 жыл үч айга эркинен ажыратылды. Айыпталуучулар Сабырхожа Молдахожаев 11 жылга, Мейиржан Досболов 12 жылга жана Нургали Кыдыралиев 12 жыл алты айга соттолду.

Сот айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин, өкүм чыгарууда алардын буга чейин соттолбогону, жабырлануучунун үч соттоолуучуну тең кечиргени жана алардын эрезеге жете элек балдарынын бар экени эске алынганын билдирди.

Акыркы сот отурумдарынын биринде прокурор айыпталуучуларды 15 жылдан 19 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратууну өтүнгөн. Бирок журналист Амангелди Батырбеков жазаны катаалдатууга каршы экенин айткан.

"Эң башкысы күнөөлөрүн мойундарына алганы. Биз баарыбыз бир калкпыз, ошондуктан мен алардын абалын начарлатууга макул эмесмин. Бул жаза деле жеңил эмес", – деген Батырбеков.

Буга чейин бул иш боюнча 16 сот отуруму өткөн. Батырбеков сот өкүмү чыккандан кийин иш акыйкат каралганын билдирди.

"Адилеттүү жаза берилди. Менин пикирим: мындай кайталанбашы керек. Сын үчүн журналистти өлтүрүү – бул жапайычылык, орто кылымдагы көрүнүш. Мындай учурлар түп- тамыры менен жоголушу керек", – деди журналист.

Акыркы сот отурумунда айыпталуучулар Майрихов менен Молдахожаев айыптоолорду четке какса, калган үч айыпталуучу күнөөлөрүн мойундарына алышкан.

Айыптоо актысына ылайык, быйыл 4-январга караган түнү Амангелди Батырбековго Түркстан облусунун Сарыагаш шаарындагы үйүнүн жанынан ок атылган. Башкы редакторду өлтүрүүгө Сарыагаш райондук билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон Бауыржан Майрихов буйрутма бергени айтылууда. Ок Батырбековго эмес, анын уулу Динмухамеде тийген. Ал ооруканада дарыланып чыккан.

Батырбеков бул кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Буга чейин анын "Сарыагаш-информ" гезитиндеги сын макаласынан кийин Бауыржан Майрихов райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан алынган.

Шектүүлөр быйыл 21-январда кармалып, сот тергөө иштери аяктаганга чейин аларды камакка алуу чечимин чыгарган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, "буйрутма берген адам" журналисттин өлүмүн 5 миллион теңгеге (10 миң доллардан ашык) баалаган.

XS
SM
MD
LG