Ссылки доступа

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму Темировдун депортацияланышын сынга алды


Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму 24-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышы боюнча билдирүү таратты.

"Биз Болот Темировдун депортацияланышын анын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтегени үчүн өч алуу катары айыптайбыз. Депортация тууралуу чечим жокко чыгарылып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн куугунтуксуз улантышына уруксат берилиши керек", - деди уюмдун башчысы Брижит Дюфур.

Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму 2008-жылы негизделген. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан көз карандысыз уюм дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталашы үчүн ар кандай кыймылдар менен биргеликте аракет көрүп келет.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти да Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү тараткан.

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура да бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.

XS
SM
MD
LG