Ссылки доступа

Тажикстанда ИМдин жоочусу Абу Довуддун соту башталды


 Парвиз Саидрахмонов (Абу Довуд). Архив сүрөт
Парвиз Саидрахмонов (Абу Довуд). Архив сүрөт

Душанбе шаардык сотунда "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик уюмунун мүчөсү Парвиз Саидрахмоновдун (Абу Довуд) үстүнөн сот жараяны башталды.

Маалыматка караганда, Абу Довуд мекенине бир ай мурда экстрадицияланган. Ал Тажикстандагы, Орусиядагы жана Швециядагы бир нече террордук актыга тиешеси бар деп шектелүүдө.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, 35 жаштагы Парвиз Саидрахмонов "Терроризм", "Адам өлтүрүү", "Барымтага алуу", "Чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышууга азгыруу" жана "Террордук уюм уюштуруу" беренелери боюнча айыпталууда.

"Эгер соттолуучунун күнөөсү далилденсе, ал 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн", – деп кошумчалаган булак.

Тажикстанга Саидрахмонов менен бирге анын жубайы Мадина Бондаренко жана төрт баласы да жеткирилген.

"Менин кызым Орусиянын жараны. Аны алдоо жолу менен Сирияга чыгарып кетишкен. Мен орус бийлигине кайрылып, кызымды жана неберелеримди мекенине кайтарып келүүнү өтүндүм", – деди Мадина Бондаренконун апасы Оксана Жейлиева.

Тажикстандын бийлиги Парвиз Саидрахмонов ИМдин эң кооптуу үгүттөөчүлөрүнүн бири экенин билдирген. Маалыматка караганда, ал ИМдин катарына 200дөн ашык кишини азгырган. Жакындарынын айтымында, Саидрахмонов Орусияда иштеп жүрүп, ал жактан Иракка барып, террордук уюмдун жоочуларына кошулуп кеткен.

Абу Довуд деген ысым менен белгилүү Парвиз Саидрахмонов түрк аскерлери тарабынан 2018-жылы кармалган. Түркиянын TRT Haber телеканалы 2019-жылы Африн түрмөсүнөн тартылган репортажды көрсөткөн. Анда Абу Довуд сүйлөп, Тажикстанда туулуп-өскөнүн, аймакка Сирия режимине каршы согушка катышуу үчүн келгенин айткан. Кийинчерээк аны менен байланыштагы камактагылар Абу Довуд "жоголуп кеткенин" билдиришкен.

2021-жылдын аягында ал Сириянын Жараблус аймагындагы эркектердин качкындар лагеринде жүргөнү тууралуу маалымат тараган. Анда ал лагерде Саидрахмоновдун төрт баласы да бар экени кабарланган.

Тажикстандын бийлиги быйыл июль айында Парвиз Саидрахмоновду мекенине экстрадициялоо боюнча Түркиянын макулдугун алган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, 2013-2015-жылдары ИМ тобунун катарына кошулуу үчүн 2 миңге жакын жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын бир канча жүзү Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттер маалында каза болсо, айрымдары мекенине кайтып келгенден кийин мунапыс менен жазадан бошотулуп же узак мөөнөттөргө соттолушкан.

Бүгүнкү күнгө чейин Сирия менен Ирактан ИМ тобунун тажик жоочуларынын 220 аялы жана балдары Тажикстанга кайтарылган.

XS
SM
MD
LG