Ссылки доступа

Тажикстанда узак мөөнөткө соттолгон адвокаттын өмүрүнө коркунуч жаралууда - жакындары


Бузургмехр Ёров (солдо) жана Жамшед Ёров
Бузургмехр Ёров (солдо) жана Жамшед Ёров

Тажикстанда узак мөөнөткө соттолгон адвокат Бузургмехр Ёров Вахдат түрмөсүндөгү кыйноолордон кийин Душанбе шаарындагы катаал режимдеги абактардын бирине которулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу адвокаттын бир тууганы Жамшед Ёровго шилтеме кылып билдирди.

"Бузургмехрди жана Вахдат түрмөсүндөгү дагы беш соттолуучуну 24-ноябрда баш калаадагы абактардын бирине жеткиришти. Азырынча аны менен чогуу которулган беш кишинин аты-жөнү белгисиз. Бузургмехр кайсы түрмөдө экени айтылган жок. Ал болгону түрмөдө ага жакындары менен жолугушууга жана тамак-аш алып турууга эки жылга тыюу салынганын гана кабарлоого жетишкен", – деди Жамшед Ёров.

Анын айтымында, Бузургмехр 24-ноябрга караган түнү Вахдат түрмөсүндө кыйноого алынып, түзөтүү жайындагы ооруканага жеткирилген.

"Бузургмехрдин жана камактагы башка адамдардын тагдырына тынчсызданып жатабыз. Ошондуктан эл аралык укук коргоо уюмдарына жардам сурап кайрылдык", – деп кошумчалады Жамшед Ёров.

"Озоди" радиосунун журналисттери бул боюнча комментарий алуу үчүн Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги менен байланыша алган эмес. Адвокаттын бир тууганы айткан маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан текшерүү да мүмкүн эмес болууда.

Өткөн жумада Бузургмехр Ёров президент Эмомали Рахмондун ролу тууралуу абак кызматкерлери менен талашып-тартышканы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилген. Жамшед Ёровдун айтымында, окуя Тажикстанда жыл сайын 16-ноябрда белгиленип келген Президенттин күнүнө бир күн калганда болгон.

Быйыл сентябрдын аягында 51 жаштагы Бузургмехр Ёров он күнгө айып изоляторуна киргизилген. Анда Жазаларды аткаруу кызматы ал камактагыларды түгөлдөө учурунда катарда жок болгонун билдирген. Жакындарынын айтымында, түрмө жетекчилиги Бузургмехрди атайылап эле китепканага камап коюп, ал катарга тизилүүгө жетишпей калган.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG