Ссылки доступа

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүүдө


Тажикстанда жети жылга эркинен ажыратылган журналист Завкибек Саидамини Душанбе шаардык сотуна кайрылып, ага карата чыккан айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүндү.

Өтүнүч катында Саидамини анын ишин тергөө жана Сомони райондук сотундагы сот жараяны "бир тараптуу жана толук эмес" болгонун белгилеген. Мындан тышкары судья айыпталуучу тарап көрсөткөн далилдерди эске албаганын жана өкүмгө сотко таптакыр катышпаган күбөнүн аты-жөнү жазылганын билдирген.

"Тергөөнүн жана сот отурумдарынын жүрүшүндө көптөгөн дал келбестиктер болгонун, ошондой эле менин экстремисттик жана террористтик топторго каршы мамлекеттик органдар менен кызматташууга даяр экенимди эске алып, Сомони райондук сотунун өкүмүн кайрадан карап чыгып, аны жокко чыгарууңарды өтүнөм", – деп жазылган журналисттин шаардык сотко берген арызында.

Быйыл октябрда Сомони райондук соту 38 жаштагы журналистти өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга күнөөлүү деп тапкан.

Анда айыпталуучу бир дагы саясий топко же кыймылга мүчө эмес экенин айтып, айыптоолорду четке каккан. "Ислам кайра жаралуу партиясы" да, "Группа 24" кыймылы да Саидамини менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Завкибек Саидамини быйыл июль айында кармалып, октябрда соттолгон. Ага карата чыккан сот өкүмүн эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) журналисттин соттолушун Тажикстандагы сөз эркиндигине кол салуу деп атаса, Журналисттерди коргоо комитети тажик бийлигинен аны эркиндикке чыгарууну талап кылган.

2020-жылы Завкибек Саидамини Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоого талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо комиссиясы журналист топтогон кол тамгалар жараксыз экенин айтып, аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Завкибек Саидамини мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген. Кезинде бир канча жолу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон аймактарга барып, ал жактан репортаждарды даярдаган.

Тажикстанда акыркы жарым жылдын ичинде жети журналист жана блогер камакка алынып, алардын төртөө узак мөөнөттөргө соттолду. Калган журналисттерге карата соттук териштирүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG