Ссылки доступа

Өзбекстанда үч күн мурун баш кошкон жаш жубайлар иске ууланып каза болду


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунун Бувайдин районунда жаш жубайлардын иске ууланып өлүшүн иликтөөдө.

Мекеме буга жаштар өздөрү күнөөлүү болгонун маалымдоодо. "Эксперттер батирде жылытуучу прибор тиешелүү талапка жооп берген эмес деген бүтүмгө келген" деп айтылат билдирүүдө.

24-ноябрда үч күн мурда баш кошкон жубайлар иске ууланып өлгөнү кабарланган.

"Оздолик" радиосунун маалыматына караганда, 10-ноябрдан 20-ноябрга чейин Өзбекстанда иске ууланып кеминде 9 киши өлгөн. 24-ноябрда алардын саны 11ге жетти.

XS
SM
MD
LG