Ссылки доступа

Парламент курултай жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карайт


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун жакынкы аралыкта карай турганын билдирди.

25-ноябрда Бишкек өтүп жаткан Элдик курултайдагы баяндамасында Жогорку Кеңештин алдында документти карап кабыл алып берүү милдети турганын айтты.

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 1072 делегат катышкан курултай өтүп жатат. Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөттүн мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Бирок быйыл май айында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун четке каккан.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган.

Баш мыйзамда Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

XS
SM
MD
LG