Ссылки доступа

Караганды шаарында эки автобус сүзүшүп, бир киши каза болду


Казакстандын Караганды шаарында жүргүнчү ташыган эки автобус катышкан жол кырсыгында бери дегенде эле бир киши каза болуп, дагы 18и жаракат алды.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, 25-ноябрь күнү эртең мененки саат ондо №41 жана №146 каттамда бара жаткан эки автобус сүзүшүп, №41 автобустун айдоочусу дароо мерт болгон. Кырсык болгон маалда ал автобустун ичинде жүргүнчүлөр болбогону кабарланды.

Шаардагы көп профилдүү оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Берик Тулеубаев кырсыктан кийин 18 киши медициналык жардам сурап кайрылганын, азыр алардын экөөнүн абалы оор, дагы экөөнүкү өтө оор деп бааланып жатканын билдирди.

Караганда облустук полиция департаментинин басма сөз катчысы Бакытжан Кудияров бул факты боюнча "Адам өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Күбөлөр соцтармактарга чыгарган сүрөттөр менен видеолордо автобустар кыйла зыянга учураганын көрүүгө болот. Болжолдуу маалыматтар боюнча автобустар карама-каршы тилкеде бара жатышкан. Көпүрөдөн түшүп келаткан автобус беркинин айдоочусу отурган бөлүгүнө келип урунган.

Ал ортодо кырсык болгон маалда жол тайгалак болгону айтылууда. Бирок шаардын бийлиги бул маалыматты четке кагып, жолдорго кум себүү иштери таңкы саат алтыда эле башталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG