Ссылки доступа

Пакистан парламентинин депутаты Душанбе каттамына кое берилген жок


Пуштун-Тахафуз кыймылынын лидерлеринин бири жана Пакистан парламентинин депутаты Мохсин Давар Исламабад-Душанбе каттамындагы учакка кое берилген жок.

Саясатчы Душанбеге Ооганстан боюнча конференцияга катышуу үчүн келмек. Бул тууралуу Pakistan Today басылмасы билдирди.

Мохсин Давар Твиттерге министрлер кабинети аны Пакистандан тышка чыга албай тургандардын тизмесинен өчүргөнүнө карабай, Исламабад аэропортунда Иликтөө федералдык агенттигинин (FIA) кызматкерлери токтотконун жазды.

“FIA офицерлеринин бири федералдык өкмөткө караганда анын ыйгарым укуктары көбүрөөк экенин көрсөттү”, - деп белгиледи саясат таануучу.

Ооганстандын Стратегиялык маселелер институту 29-30-ноябрда коопсуздук боюнча онунчу жыйынын өткөрөт. Форумдун уюштуруучулары ага Ооганстан жана чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышарын айтышты.

XS
SM
MD
LG