Ссылки доступа

Казакстан президенти сенат депутаттарын шайлоону 14-январга белгиледи


Парламенттин жогорку палатасынын депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 14-январына белгиленди. Токаев тиешелүү жарлыкка 26-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинен кийин кол койду.

Сенаторлорду шайлоо алардын мөөнөтү жана ыйгарым укуктары бүтүп баратканына байланыштуу болот.

Быйыл июнда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, сенат депутаттарынын саны кыскарат. Эгер мурда президент сенаттын 15 мүчөсүн дайындаса, эми онун дайындайт, алардын бешөөнү Казакстандын Элдик ассамблеясы сунуштайт.

Казакстандын Элдик ассамблеясы мурда мажилистин тогуз депутатын шайлап келген. Өзгөртүүлөргө ылайык, эми ассамлея депутаттарды мажилиске дайындабайт. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш партиялык-мажоритардык система менен шайланат. Мажилиске шайлоо качан өтөрү айтыла элек.

Сенаттын мүчөлөрүн маслихаттын – жергиликтүү өкүлчүлүк органдардын депутаттары шайлайт. Азыркы маслихаттар 2021-жылы партиялык тизме менен шайланган.

Конституция боюнча сенатка ар бир облустан, республикалык маанидеги шаарлардан жана борбор калаадан экиден депутат шайланат. Мындан тышкары жогоруда айткандай, он депутатты президент дайындайт. Казакстанда азыр 17 облус, республикалык маанидеги эки шаар – Алматы менен Чымкент бар. Жыйынтыгында сенатта 50 депутат болот.

XS
SM
MD
LG