Ссылки доступа

Казакстан: жылуулуксуз калган Экибастуз шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Павлодар облусунун Экибастуз шаарында жергиликтүү жылуулук электр борборунун от казандары иштебей калгандыктан, шаар 30 градус суукта жылуулуксуз калды.

Акимчилик билдиргендей, Казакстандын "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, Экибастуз аймагында техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өзгөчө кырдаал от казандардын ишин калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин күчүндө болот.

28-ноябрга карата шаарда 17 көп кабаттуу үй, 5 социалдык объект жана 21 юридикалык объект жылуулуксуз калды. Бала бакчалар ишин токтотуп, мектептер аралыктан окууга өттү.

27-ноябрга караган түнү жергиликтүү жылуулук электр борборундагы экран куурларындагы аварияга байланыштуу № 11 от казан ишин токтотуп, андан соң дагы үч агрегат иштен чыккан.

Жергиликтүү жашоочулар алардын үйлөрү суук экенин, пальточон жана күрмөчөн жүрүшкөнүн билдиришти. Компания абалды турукташтыруу үчүн бардык аракетти көрүп жатканын маалымдады.

Ноябрда Чыгыш Казакстан облусунун 55 миң киши жашаган Риддер шаары жылуулуксуз калган. Жылуулук сезону башталгандан кийин жергиликтүү жылуулук электр борборлорунун от казандары биринин артынан бири иштен чыккан.

Экибастуз —Казакстандын түндүгүндөгү Павлодар облусундагы шаар. Калаада 150 миңдей киши жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электрэнергетика өнүккөн.

XS
SM
MD
LG