Ссылки доступа

Тажикстанда көзү азиз ата-энелер уулун аскерден кайтарып берүүнү өтүнүүдө


Куляб шаарынын көзү азиз жашоочулары аскерден уулун кайтарып берүүнү, себеби ал үйдүн жалгыз багуучусу экенин билдирүүдө. Алардын айтымында, студент уулун армияга көчөдөн кармап кетишкен. Ата-эненин арызын Куляб аскердик прокуратурасы карап жатат.  

21 жаштагы Нурали Хожаевди армияга 15-ноябрда көчөдөн кармап кетишкен. Ал Куляб мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин бешинчи курсунда окуп жаткан. Бирок окуу жай аны күтүүсүздөн окуудан чыгарып, мунун себебин түшүндүргөн эмес. Университетте Нурали Хожаев жакшы окуганы жана активист болгону айтылат.

"Атасы менен энесинин көзү көрбөйт. Нурали ата-энесине чарба иштеринде гана эмес, бардык нерседе жардам берип келген: атасын чач тарачка, мончого алып барчу", - деди алардын кошунасы Бегимо Кучарова.

Азиз ата-энелер бийлик алардын үй-бүлөлүк абалын гана эмес, уулунун студент экенин да эске албагынына нааразы. Куляб мамлекеттик университети Нурали Хожаев чын эле орус филология факультетинин бешинчи курсунун студенти экени тууралуу маалымкат берген.

Нурали Хожаев ушул тапта Хамадони районундагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG