Айыптоо корутундусуна ылайык, Нукустагы башаламандыктар маалында келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 6 миллиард 681 миллион 247 миң 508 сумду (600 миң доллар) түзгөн.
28-ноябрда Бухарада Нукустагы окуялар боюнча ачык сот жараяны башталды. Анда жалпысынан 22 киши айыпталуучу катары өтүп жатат. Аларга Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 11 беренеси боюнча айыптар тагылган:
- 104. Атайлап денеге оор зыян келтирүү,
- 159. Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүмүнө кол салуу,
- 164. Каракчылык,
- 167. Менчиктеп алуу же коромжуга учуратуу аркылуу уурдоо,
- 227. Документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды, автомототранспорттук каражаттардын мамлекеттик номердик белгилерин ээлеп алуу, жок кылуу же жашыруу,
- 243. Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу,
- 244. Жапырт башаламандык,
- 244−1. Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же демонстрациялоо
- 247. Ок атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды мыйзамсыз алуу,
- 277. Бейбаштык.
Тергөө иштери жүрүп жатканда айыпталуучулардын 20сы камакта, бирөө үй камагында болгон. Дагы бир соттолуучу коомчулуктун кепилдигин менен бошотулган.