Ссылки доступа

Астанадагы митингден кийин ишкер Марат Абиев 15 суткага камалды


Астана шаарындагы административдик укук бузуулар боюнча райондор аралык сот ишкер Марат Абиевди 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарды. Ага чейин ЖМКлар анын тарапташтары президенттин инаугурациясы өткөн 26-ноябрь күнү кармалганын кабарлашкан.

Соттун маалыматына караганда, Абиевге карата "Митинг өткөрүү эрежесин бузуу" жана "Полициянын талабына баш ийбөө" беренелери боюнча эки протокол түзүлгөн.

Иштин материалдарында Абиев 26-ноябрда шаардагы "Думан" көңүл ачуу комплексинин жанында жергиликтүү акимчиликтин уруксаты жок "митинг уюштурганы" жана полиция кызматкерлеринин талабына "баш ийбегени" жазылган.

26-ноябрь күнү кечинде Астанада бир нече саатка интернет өчүрүлүп, ондогон киши кармалган. ЖМКлар кармалгандар "Келечектин архитектору" аттуу долбоордун негиздөөчүсү катары айтылып жүргөн ишкер Марат Абиевдин тарапташтары болгонун жазышкан.

2020-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Казакстанда митинг өткөрүү үчүн акимчиликтер менен макулдашуу талап кылынат. Бийлик акимчиликтер уруксат бербеген митингдерди "мыйзамсыз" деп атап келет.

Абиев 2020-жылы Tengrinews.kz сайтына чыккан жарнамалык жарыяларында өзүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган TDFA фондунун "дем берүүчүсү" деп атаган. Анда ал TDFA "бизди дүйнөлүк масштабдагы ачарчылык коркунучунан куткарарын" айткан.

Абиев тууралуу ЖМКлар алгачкы жолу быйыл май айында, "концертке катышуу үчүн" автобустар менен аймактардан келген анын жүздөгөн тарапташы Астанага кире албай калгандан кийин жазышкан. Астана акимчилиги "Марат Абиев концерт өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилбегенине карабастан, алдамчылык менен адамдарды концертке чакыруусун уланта бергенин" билдирген.

Анда интернетте ыктымал жапырт башаламандыктардын алдын-алынганы кабарланган. Абиев өтпөй калган концерттен кийин жергиликтүү Ulysmedia.kz сайтына маек куруп, анын тарапташтары мыйзамга каршы эч кандай аракеттерди жасоону көздөбөгөнүн, өзү саясат менен алектенүүнү пландабаганын айткан.

XS
SM
MD
LG