Ссылки доступа

Орусия Тажикстанга дагы бир бадахшандык мигрантты экстрадициялады


Орусия тоолуу бадахшандык 34 жаштагы Амид Алифшоевди Тажикстанга экстрадициялады. Бул тууралуу "Озоди" радиосу бир нече булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Алифшоевди өткөн жумада Москвада ижарага алган батиринен беткап жана камуфляж формасын кийген бир нече киши кармап кеткен.

"Алар Алифшоевди батирине кирип барып алып кетишти. Бир нече күндөн кийин Амид жакындарына телефон чалып, аэропортто экенин, Тажикстанга экстрадицияланышын күтүп жатканын айткан", – деп билдирген радионун булагы.

Азырынча Орусия менен Тажикстандын укук коргоо органдары Амид Алифшоевдин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Алифшоевдин жакындары азырынча анын эмне себептен кармалганы белгисиз экенин билдирүүдө. "Анын эмнеге айыпталып жатканын жана Тажикстанга экстрадициялоо чечимин кайсы сот чыгарганын билбейбиз. Амиддин бир да социалдык түйүндө баракчасы жок болчу. Ошондуктан ал тажик бийлигинин саясатына каршы пикирин билдирген деп айтууга болбойт", – деди мигранттын жакындарынын бири.

Буга чейин Pamir Daily News интернет-порталы акыркы жарым жылдын ичинде Орусияда бери дегенде эле 20 тоолуу бадахшандык кармалып, Тажикстанга жеткирилгенин маалымдаган. Алардын айрымдары кош жарандуулукка – Орусиянын да, Тажикстандын да жарандыгына ээ экени кабарланган.

Басылманын маалыматына караганда, 17-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Хорогдо туулуп-өскөн Фируз Мамадёрбеков кармалган. Ал Тажикстандын Жогорку соту 22-ноябрда өмүр бою эркинен ажыраткан мурдагы командир Толиб Айёмбековдун тарапташы экени айтылып келет.

Тажик бийлиги бадахшандыктар Тажикстанга өз каалоолору менен келип жатканын билдирүүдө. Бирок кармалгандардын жакындары аларды Орусия менен Тажикстандын атайын кызматтары уурдап кетишкенин айтууда.

Видео

XS
SM
MD
LG