Ссылки доступа

21-сентябрдан бери Казакстанга келген 400 миңден ашык орусиялыктын 320 миңи кайра чыгып кеткен


Орусияда сентябрда мобилизация жарыялангандан кийин Казакстанга 400 миңден көп орусиялык келсе, алардын 320 миңден ашыгы кайра чыгып кетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Тамара Дуйсеновага шилтеме кылып кабарлады.

"Күн сайын алмашып жаткан ыкчам маалыматтарга ылайык, Казакстанга келген 400 миңден ашык орусиялыктын 320 миңден көбү кайра чыгып кетишти. Азырынча өлкөдө 100 миңге жакын орусиялык калууда", – деди министр.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин "жарым-жартылай" мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. Дароо казак-орус чек арасында мобилизациядан качкан орусиялыктардын чакырымдарга созулган узун кезектери жаралган.

4-октябрда Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңден ашык орусиялык кирип, алардын 147 миңи үчүнчү мамлекеттерге чыгып кеткенин билдирген.

Октябрдын аягында Казакстандын Санариптештирүү министрлиги 21-сентябрдан бери чет өлкөлүк жарандардан ИИН (жеке идентификациялык номур) алуу боюнча 200 миңге жакын арыз келгенинкабарлаган.

Казакстандын бийлиги калкты өлкөгө келип жаткан орусиялыктарга жардам берүүгө чакырган. Президент Касым-Жомарт Токаев "биз камкордугубузду көрсөтүп, алардын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек" деп билдирген.

Казакстандын премьер-министри өкмөткө орусиялыктарга каттоого турууга жана жумушка орношууга жардам берүүнү тапшырса, эмгек министри Тамара Дуйсенова Орусиядан келип жаткан мигранттардын эмгек базарына тийгизе турган таасиринен "коркпоо керектигин" айткан. Өз кезегинде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги мобилизациядан качып келген орусиялыктарга кылмыш иштери козголгон болбосо, аларды Орусияга өткөрүп бербей турганын билдирген.

Орусиялыктарга кызматтарды көрсөтүү үчүн Казакстанда ыкчам түрдө Калкты тейлөө борборлору ачылган. Алар суроо-талаптын азайганына байланыштуу ноябрдын башында жабылган.

Орусиялыктардын агымына байланыштуу Казакстандын шаарларында турак-жай ижарасынын акысы жана башка кызматтардын баалары кескин жогорулап кеткен.

Видео

XS
SM
MD
LG