Ссылки доступа

Песков "газ үчилтигин" түзүү боюнча комментарий берди


Орусия президенти Владимир Путиндин Казакстан жана Өзбекстан менен “газ биримдигин” түзүү идеасы үч өлкө арасында талкууланып жатат.

Бул тууралуу Кремлдин атайын өкүлү Дмитрий Песков 29-ноябрда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Москвага келип кеткен күндүн эртеси билдирди.

Песков Путиндин үч мамлекет ортосунда жана башка өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга көгүлтүр отунду ташуу механизмдерин түзүү идеасы “синхрондоштуруу” зарылдыгынан улам пайда болгонун айтты.

Путиндин сунушу биринчи этапта “координациялык механизм түзүүнү” караштырат.

“Балким мунун баарын дагы талкуулоо керек. Үч өлкөнүн кызматташуусу үчүн жана андан ары тышкы рынокко инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир юридикалык жак түзүлүшү ыктымал”, – деди ал журналисттерге.

Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай 29-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Токаев менен Путин Казакстан жана Өзбекстан аймагы аркылуу орус газын ташуу аракетин координациялоо максатында уюм түзүү демилгесин талкуулашканын жазган.

Орусия жаратылыш газын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Казакстан менен Өзбекстандын газы болсо ички муктаждыкты жабууга араң жетет.

Казакстан менен Өзбекстандын Орусия менен жалпы газ кууру бар. Ошол эле маалда бул эки өлкө аймагы аркылуу Түркмөнстандан Кытайга газ экспорттолот.

Кремлдин Украинага каршы агрессиясынан кийин Европа өлкөлөрү орус газынан көз карандылыгын азайта баштаган маалда Москва көгүлтүр отунду Кытайга экспорттону көбөйтүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG