Ссылки доступа

Тажикстанда журналисттин иши боюнча сот убактылуу токтотулду


Душанбе шаарынын Исмоили Сомони шаардык соту журналист жана блогер Абдусаттор Пирмухаммадзоданын ишин кароону убактылуу токтотту.

“Озодинин” өз булактары кабарлагандай, сот Тажикстандын Башкы прокуратурасынан соттолуучунун ИИМдин Вахдат шаары боюнча бөлүмүндө кыйноо көргөнү боюнча арызын текшерүүнү сурады. Белгилүү блогер сот жараяны учурунда психологиялык жана физикалык кысым алдында жасабаган ишти мойнуна алганын билдирген.

Блогер мурда да абактан кат жазып, кармалган күндөн тарта кыйноого алынганын кабарлаган:

"Кайсы бир учурда ток менен кыйнаганынан жашагым да келбей кеткен. Милиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр мени ур-токмокко алып, "жасалма айыптоолорду" мойнума алдырууга аракет кылышты. 8-9 күн кыйнап, кемсинтип, толук изоляциялап, үй-бүлөмдү айтып коркуткандан кийин кылбаган кылмышты мойнума алууга аргасыз болдум. Физикалык басым алдында "оппозиция лидери Мухиддин Кабири менен байланышта болуп, аны менен Тажикстанда революция кылууга даярдык көргөм" деп камерага айтып бердим".

44 жаштагы блогер 9-июлда Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ага каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо жана экстремизмди актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Акыркы жарым жылда Тажикстанда жети блогер менен журналист камалган. Алардын төртөө 7ден 10 жылга чейин соттолду. Сот жараяндары жабык режимде өттү.

Видео

XS
SM
MD
LG