Ссылки доступа

Le Figaro: Токаев менен Макрон Аблязовдун ишин талкуулайт


Франциялык Le Figaro гезити Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Франция президенти Эммануэль Макрон менен Францияда турган казакстандык банкир Мухтар Аблязовдун айланасындагы жагдайды талкуулайт деп жазды.

28-ноябрда жарыяланган макалада “Казакстан менен Франция мамилесинде чиеленишкен сот иши бар, ошол маселе шейшембиде Елисей сарайында өтө турган Макрон менен Казактандын жакында кайра шайланган президенти Токаевдин жолугушуусунда көңүл борборунда болот. Бул – Франциядан саясий башпаанек алган олигарх Мухтар Аблязовду иши” деп жазды басылма.

Гезит окурмандарды Аблязовдун өмүр баяны менен тааныштырып, казак бийлиги аны Люксембрг, Сейшель аралдары жана Британиянын Виргин аралдарындагы 600 жалган компания аркылуу 7 млрд доллар кымырып алууга айыптап жатканын жазды.

Le Figaro Казакстан менен башка өлкөлөр Аблязовду экстрадициялоого тырышканын, ал 2009-жылы Казакстандан качып Лондонго барганын, Англиядан сотко тартылып, Францияга качканын, 2013-жылы Канны шаарында камалганын, 2020-жылы Франциядан башпаанек алганын белгилеп өткөн.

Басылманын маалыматына караганда, 2021-жылы декабрда Франция Аблязовду саясий качкын макамынан ажыраткан, ушул тапта ал француз апелляциялык сотунун чечимин күтүп жатат.

Гезит Казакстан менен Франциянын кызматташтыгына терс таасирин тийгизип жаткан иш Франция бийлигин бир нече жылдан бери тынчсыздандырып келерин белгилеген.

“Франция Казакстан жеткире турган көмүрсуутек булактарына муктаж. Буга кошумча Франция өзүнүн ири соода тартыштыгын кыскартуу үчүн атомдук электр станциясын сатууну көздөйт”, - деп жазды гезит.

XS
SM
MD
LG