Ссылки доступа

Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетишине Кемпир-Абад себеп болгонун айтты


Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев парламент төрагасынын атына комитет төрагалыгынан кетүү арызын жазды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга жарыялап, депутаттын арызы күтүүсүз болгонун айтты.

Андан кийин сөз алып сүйлөгөн депутат Медер Алиев комитет жетекчилигинен кетүү чечимин өзү кабыл алганын айтып, бирок Кемпир-Абад маселеси буга себеп болгонун билдирди.

"Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтып коеюн, өткөндө Кемпир-Абад боюнча маселе себеп болду", - деди Алиев.

Медер Алиев Жогорку Кеңешке "Ишеним" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Ал адам укуктарын, сөз эркиндигин коргогон маселелерди көтөрүп жүрөт.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.

XS
SM
MD
LG