Ссылки доступа

Өзбекстан Москванын коркутуусуна карабастан АКШ менен активдүү саясий диалогду улантууда


Вашингтон Ташкент менен активдүү жана конструктивдүү саясий диалог жүргүзүүнү улантууга даяр. Бул тууралуу 29-ноябрда АКШнын элчиси Жонатан Хеник Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фуркат Сидиков менен жолукканда билдирди.

Өзбекстан ТИМинин маалыматына караганда, жолугушууда өзбек-америка мамилелеринин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. Ошондой эле пландалган иш-чаралар, анын ичинде Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк диалогунун кезектеги жыйынына байланышкан маселелер жөнүндө сөз болду.

Мындан тышкары соода, инвестиция, инновация, айыл чарбасы, энергетика жана башка тармактардагы мамилелерди чыңдоо боюнча сунуштар каралды.

Элчи Жонатан Хеник АКШ пандемияга каршы күрөштө Өзбекстанга техникалык жана каржылык жардам берүүнү улантууга даяр экенин белгиледи.

Дипломаттардын жолугушуусунда аймактык кызматташтык мамилелерине, анын ичинде "С5+1" форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы мамилелерге өзгөчө көңүл бурулуп, Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасынын басма сөз кызматы спикер Вячеслав Володин Өзбекстанга АКШ менен кызматташуунун кесепеттери тууралуу эскерткенин билдирген. "Вашингтон менен кызматташуунун ыктымал кесепеттерине баа берүүдө Өзбекстанга АКШ менен анын Европадагы стратегиялык өнөктөштөрүнүн ортосундагы мамиленин жыйынтыгы мисал болду. Мындай стратегиялык өнөктөштүк Европа үчүн экономикадагы көйгөйлөр менен аяктады", – деген Володин.

Володиндин бул опузасы социалдык түйүндөрдөгү өзбекстандык колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты. Алардын көбү спикердин сөздөрүн эгемен өлкөнүн ички ишине орунсуз кийлигишүү катары баалап жатышат.

Видео

XS
SM
MD
LG