Ссылки доступа

Тажикстанда келининин өлүмүнө айыпталган аялдын жаза мөөнөтү кыскартылды


Келинин өлүмгө жеткирүү айыбы менен 7 жылга соттолгон Файзабад районунун жашоочусунун жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылды.

Тажикстандын Жогорку соту Бибикалон Назированын кассациялык арызын жарым жартылай канааттандыруу менен анын жазасын жети жылдан беш жылга кыскартты.

Тергөө органдары өткөн жылы 22-июнда үч баланын энеси ижарада турган батиринде "туугандарынын катаал мамилесинен улам" мойнуна жана курсагына 26 жолу бычак сайганын кабарлашкан. Бирок маркумдун туугандары бул версияга макул болбой, ал киши колдуу болгонун айтып, ишти кайра кароону талап кылышкан.

Октябрдын аягында Тажикстандын Файзабад райондук соту келинин өз жанын кыюуга жеткирүүгө айыпталган аялды 7 жылга эркинен ажыраткан.

Келиндин артында үч баласы калды: эң улуусу алты, кичүүсү бир жарым жашта.

XS
SM
MD
LG