Ссылки доступа

ИИМ: Инаугурация күнү Астанадагы митингде Акордого баруу чакырыгы айтылган


Казакстандын ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха президенттин инаугурациясы өткөн күнү Астанада уюштурулган митинг тууралуу комментарий берди.

"Ал күнү 18 киши кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылды. Иш-чарага 300гө жакын адам катышып, бир жарым сааттан кийин Акордого баруу чакырыгы айтылган", – деди Лепеха.

26-ноябрь кечинде Астанада ондогон киши кармалып, шаарда бир канча убакытка интернет өчүрүлгөн. Бул күнү 20-ноябдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткени жарыяланган Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өткөн.

27-ноябрда Астана шаарындагы административдик укук бузуулар боюнча райондор аралык сот ишкер Марат Абиевди 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарганы белгилүү болгон. Ага чейин ЖМКлар ал 26-ноябрь күнү тарапташтары менен бирге кармалганын кабарлашкан.

Соттон билдиришкендей, Абиевге карата "Митинг өткөрүү эрежесин бузуу" жана "Полициянын талабына баш ийбөө" беренелери боюнча эки протокол түзүлгөн.

Абиев тагылган айыптарды четке кагып, "өлкө жетекчилигинин көңүлүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду тез арада кароого буруу үчүн тынч митинг уюштурганын, мыйзамга каршы эч кандай аракеттерге барбаганын" билдирүүдө.

Абиев тууралуу ЖМКлар алгачкы жолу быйыл май айында, "концертке катышуу үчүн" автобустар менен аймактардан келген анын жүздөгөн тарапташы Астанага кире албай калгандан кийин жазышкан. Астана акимчилиги "Марат Абиев концерт өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилбегенине карабастан, алдамчылык менен адамдарды концертке чакыруусун уланта бергенин" билдирген.

Анда интернетте ыктымал жапырт башаламандыктардын алдын-алынганы кабарланган. Абиев өтпөй калган концерттен кийин жергиликтүү Ulysmedia.kz сайтына маек куруп, анын тарапташтары мыйзамга каршы эч кандай аракеттерди жасоону көздөбөгөнүн, өзү саясат менен алектенүүнү пландабаганын айткан.

XS
SM
MD
LG