Ссылки доступа

Казакстан өзбек жарандарынын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн узартышы мүмкүн


Өзбек жарандарынын Казакстандын аймагында убактылуу каттоосуз жүрүү мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу документтин долбоору коомдук талкууга коюлду.

12-декабрга чейин талкууда болору айтылган документке ылайык, Өзбекстандын жарандарына Казакстанда 30 күн убактылуу каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет. Ошол эле маалда Өзбекстан да казак жарандарына ушундай укук берүүгө милдеттүү болот.

"Эки өлкөнүн улуттук паспорту бар жарандары бири-биринин аймагында убактылуу каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Алар коңшу өлкөгө келгени жөнүндө тиешелүү органдарга кабар бериши керек болот. Убактылуу каттоосуз жүрүү мөөнөтүн алты айдан ашпаган убакытка чейин узартуу менен ички иштер органдары алектенет", – деп жазылган документтин долбоорунда.

Азыркы эрежелер боюнча өзбекстандыктар Казакстандын аймагында убактылуу каттоосуз 5 гана күн жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG